Тапшырык ээси
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТАПШЫРЫК ЭЭСИ – КР жарандык мыйзамдары боюнча, жалдоо келишиминин бир тарабы. Т. э. жалдоочуга тапшырылган ишти жана/же кызматты аткарууга зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө, анын натыйжасын кабыл алууга, шартталган акыны төлөп берүүгө милдеттенет. Т. э. катары жарандар, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чыга алат.